Кулжа 26, 2024
Убакыт: 13:59
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Транспорт министрлигинин кызматкерлери 2-3 күндүк маянасын оору менен күрөшүүгө которушту

23.07.2020 14:56
1144
Транспорт министрлигинин кызматкерлери 2-3 күндүк маянасын оору менен күрөшүүгө которушту


Транспорт жана жол министрлиги тарабынан COVID-19 инфекциясынын жайылышын болтурбоо үчүн толук кандуу иштеп жатат. Бул тууралуу транспорт жана жол министри  Жанат Бейшенов 22-июлдагы брифингде билдирди. 


"Республиканын аймагында өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери киргизилгенден баштап министрликтин эмгек жамааты март, апрель айларында бир күндүк айлык акысын коронавирус менен күрөшүү фондуна которду. Ал эми башкармалыктардын жана Борбордук аппараттын, ведомстволук уюмдардын жетекчилери июль айындагы айлык акысынан үч күндүк маянасын темир жол ооруканасына дары-дармек сатып алуу үчүн которууну чечишкен", - деди министр.


Анын айтымында, 20-апрелден 6-июлга чейин ташуучулар 219 жеке транспорту менен 2530дан ашык обсервациядан чыккан жарандарды аймактарга жеткирген. 


Бишкекте жана аймактарда Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш ɵлчɵм көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлери, санитардык эпидемиологиялык кызматынын жана Жол коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик башкармалыгы менен бирдикте күн сайын шаардык, аймактар аралык каттамдар боюнча транспорттордун абалы, айдоочулар тарабынан  санитардык нормалардын сакталышы текшерилип жана бузуулар үчүн тийиштүү айып пулдар салынган”, - деп кошумчалады ал. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн