Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:16
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жаңы имараты 360 орунга ылайыкталат

06.09.2022 12:35
737
Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жаңы имараты 360 орунга ылайыкталат

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулейти менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.


Жолугушууда мэр Катар менен достук мамилени өнүктүрүү жана чыңдоо Бишкек шаарынын мэриясы үчүн өзгөчө шаарлар аралык деңгээлде маанилүү экенин белгиледи.


Андан ары жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кошумча имаратынын курулушун талкуулашты. Мэр элчиге Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 360 орундуу долбоор иштелип чыкканын маалымдады.


Маалымдама: 2014-жылы Доха шаарында Бишкек жана Доха шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү боюнча макулдашууга кол коюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн