Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тѳрѳбай Зулпукаров: Биздин жеңишибиз – бул бүткүл Кыргызстандын жеңиши!

04.09.2020 14:43
2428
Тѳрѳбай Зулпукаров: Биздин жеңишибиз – бул бүткүл Кыргызстандын жеңиши!


Бүгүн, 4-сентябрда, парламентке аттанган саясийпартиялардын расмий үгүт ѳнѳктүгү  башталды. Ал эми “Биримдик” партиясынын  үгүт ѳнѳктүгүнүн ачылыш аземи салтанаттуутүрдө Жеңиш аянтынан старт алды. Иш-чарага партиянын лидерлери,тарапташтары жана партиянын жаштар канатынын ѳкүлдѳрү катышты.


“Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкуловдун орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Тѳрѳбай Зулпукаров өз сөзүндө партиянын негизделишинетоктолуп,партия 2019-жылдын 10-сентябрындатүптөлгөнүн, ошолучурдан тартып ѳз ишмердүүлүгүн баштаганынбелгиледи.


“Мыйзамга ылайык, 2020-жылдын 4-октябрында  парламенттин жетинчичакырылышына шайланууга күчтүүкоманда менен расмийаттандык.Партиянын тизмесинде жаңы жүздөр, тажрыйбалуу саясатчылар бар. Биздин командажалпы Кыргызстанды камтыган эң күчтүү команда десем жаңылышпайм”, - деди Зулпукаров.  


“Команданын негизги идеясы - Евразиялык тандоо. Анткени, кыргызэлинин басып өткөн тарыхына көз чаптырсак Орхон Енисейден тартып, Венгрияга чейин учурундаимперия болуп турган. Ошондойэле Алтай-Ала-Тооцивилизациясы Евразия чөлкөмүндө жашап жаткан жалпы улуттар менен тарыхы,карым-катнаш тамыры, экономикалык, социалдык көйгөйлөрдү бирге чечип жүргөнтарыхы бир”,, -  деди ал.     


“Биз алдыга койгон максатыбызда Евразиячөлкөмүндө жашаган кошуна мамлекеттер менен биргеликте келечекти түзө алабыздеген бир идеяны көздөдүк. Ошондуктан биздин катардагы уул-кыздарыбызды, жалпыкесипкөй инсандарыбызды жалпы кыргыз эли колдойт деген үмүтүбүз бар! Биздинбүгүнкү биринчи иш-чарабыз Жеңиш аянтынан башталып жатат, Кудай буйруса 4-октябрькүнү үгүт кампаниябыз дагы жеңиш менен жыйынтыкталат!  “Биримдик” партиясы өлкөбүздүн экономикасынөргө сүрөйт деп ишенебиз. Келечектеги саясий-экономикалык  туруктуулук – бул “Биримдик”!” - депжыйынтыктады өз сөзүн Төрөбай Зулпукаров. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясийпартиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.    

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн