Теке 27, 2024
Убакыт: 05:36
USD
EUR
RUB

Тротуарга чыгып кеткен транспорт министринин орун басарынын тосмосу буздурулду (видео)

04.07.2023 17:08
337
Тротуарга чыгып кеткен транспорт министринин орун басарынын тосмосу буздурулду (видео)


Тротуар куруу үчүн тоскоол болуп жатат делген транспорт министринин орун басары Акуналы Досалиевдин үйүнүн тосмосу алынды. Бул тууралуу министр Тилек Текебаев социалдык баракчасына жазып, видеосун жарыялады.


Досалиев тосмону алууга каршы болбогонун, бүгүн бузуу иштерин баштап, эки-үч күндө тротуар курууга даярдап, бошотуп берерин айтты.


"Орун басарымдын үйүнүн тосмосу өз каалоосу менен бузулду. Ал көчөдө 40тан ашык үйдүн тосмосу алыныптыр. Мыйзам баарына бирдей! Биз үчүн ар бир кызматкердин жоопкерчилиги маанилүү", — деп билдирди министр.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн