Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 15:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Түлөбаев: Бир адамдын акысын жеген адам эч качан адам болбойт

09.02.2021 16:42
1321
Түлөбаев: Бир адамдын акысын жеген адам эч качан адам болбойт

Бишкек шаардык мэринин кызматынан кеткен Балбак Түлөбаев кызматтан кеткени боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


Мен азыр эс алып, дарыланып алайын деп жатам. Өз эрким менен жумуштан кеттим. Мени эч ким кетирген жок. Бул менин жеке чечимим.

Андан сырткары мен кайсы кызматка барам бул маанилүү эмес. Маанилүү нерсе өлкөнүн биримдиги, бүтүндүгү. Мени айтышыңар мүмкүн алдыдагы иштерин аткарбай кетти деп, ал иштер буюрса ишке ашат деген ойдомун.

Мамлекеттик кызматка барбай деле элге жардам берсек болот. Мен таза иштедим деп айта алам, текшерсеңиздер чыгат баары. Бир да адамдын акысын жебегенге аракет кылдым. Бир адамдын акысын жеген адам эч качан адам болбойт”, -деген билдирүү калтырган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Арси.
Чынында баары ошондой болсо го, анда биз алда качан эле Швецарияга айланат элек го. Бирок, тилеке каршы баары тенирден тескери. Бироонун акысын жеп, онолмок турсун, байып, миллионер, миллиардер болуп эле, жыргап, жашап журушпойбу.