Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Түлөбаев: Маршруттук линияга чыкпаган маршруттардын ордуна башкалар чыгат (Видео)

18.01.2021 09:51
614
Түлөбаев: Маршруттук линияга чыкпаган маршруттардын ордуна башкалар чыгат (Видео)

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу  Балбак Түлөбаев Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочуларына кайрылды. Бул тууралуу Түлөбаев Фейсбук баракачасы аркылуу билдирди.


"Мен бүгүн бардык маршрутка айдаган айдоочулардын абалым жакшы түшүнүп турам. Ооба, 7 жылдан бери тариф өзгөрө элек. Аны өзгөртүү оңой эмес. Анын үстүнө азыркы пандемия шартында калкка оор келет. Силер менен көп жолу бул маселени талкууладык. Дароо чечиле турган маселе эмес. Шаардык кеңеш чечим кабыл алыш керек. Дагы 1,2 ай ушундай болунча калат деп ойлойм. Бүгүн айрым линиялар чыкпайбыз дептир. Мен эскертип  койоюн бүгүн маршруттук линияга чыкпагандардын лицензиязы алынат. Айла жок башка маршруттук айдоочуларды чакырабыз. Мен элди ташышым керек",- деди Түлөбаев.


Эске салсак, өткөн жума борбордогу маршруттук таксилердин айдоочулары тариф (жол кире) көтөрүлбөсө 18-январда жумуш таштарын айткан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн