Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 08:00
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Түлөбаев: Ноябрда кырдаал курчуйт, кайрадан карантин болот

25.09.2020 11:31
4176
Түлөбаев: Ноябрда кырдаал курчуйт, кайрадан карантин болот


Ноябрь айында эпидемиологиялык кырдаал олуттуу курчуйт. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып, жарандарды санитардык эрежелерди сактоого, бет кап тагынууга үндөдү. 


Анын айтымында, азыртадан эле өсүү башталды. 


"Октябрь айынан баштап көбөйүп, ноябрь айында кырдаал кайрадан курчуп кетет. Кырдаалдын начарлашын жай мезгилинде эпидемиянын түштүк жарым шарда жайылган - ошол мезгилде ал жакта кыш болгон. Эң оор кырдаал Бразилия менен Чилиде болгон. Перу сыяктуу чакан мамлекетте дагы, кыштын бир айында 50 миң адам өлдү. Бул абдан олуттуу көрсөткүч. Ошондуктан, эсиңизде болсун - бардыгы кайрадан жабылат, кайрадан карантиндер болот. Буга өтө олуттуу мамиле жасаш керек", - дейт Түлөбаев. 


Ошондой эле, ал бет каптарды кийүү инфекциялардын дозасын азайтуу үчүн керек экендигин эскерткен. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ализа
Туура дистанцияны сактайлы