Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:58
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Түлөбаев: Ош базарына 900 орундуу муниципиалдык базар, Ак-Өргөгө сейил бак курулат

15.01.2021 10:39
1232
Түлөбаев: Ош базарына 900 орундуу муниципиалдык базар, Ак-Өргөгө сейил бак курулат


Ош базарына 900 орундуу муниципиалдык базар, Ак-Өргөгө сейил бак курулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.


Маалым болгондой, мэрия Ак-Өргө конушуна 5 гектарлык жаңы сейил бак ачууну пландаган.


"Бүгүн шаарды кыдырдык. Жыйынтыгында Ак Өргө жаңы конушундагы беш гектар жерге парк салабыз. Ошол эле конушта калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрүнө жатакана жана бала бакча курабыз. Бишкекте эң узун бульвар пайда болот. Мындан сырткары, Ош базарына 900 орундуу муниципалдык базар курулат", -деп билдирүү калтырган Түлөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн