Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:47
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Түлөбаев "Дордой" базарындагы ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүүнү тапшырды

18.01.2021 16:11
745
Түлөбаев "Дордой" базарындагы ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүүнү тапшырды

Бүгүн  эрте менен шаардын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев борбор калаанын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары менен биргеликте Кожевенная көчөсүндөгү "Дордой" муниципалдык базарынын аймагын карап чыгышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.


Бүгүнкү күндө жалпы аянты 1850 чарчы метрди түзгөн 76 павильон, аянты 1589,5 чарчы метрди түзгөн 14 кампа, ошондой эле 40 павильон электр өткөрүү чубалгысынын  аймагында жайгашкан. Алар Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын көрсөтмөсүнө ылайык, демонтаж кылынып, аймагы тартипке келтирилиши керек.


Б.Түлөбаев "Бишкекглавархитектура" ишканасынын адистерине базардын ижарачы-ишкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен заманбап муниципалдык базардын жумушчу долбоорун иштеп чыгууну жана (электр берүү чубалгысы) астындагы жер тилкесинде унаа токтотуучу жай уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн