Теке 27, 2024
Убакыт: 06:41
USD
EUR
RUB

Түмөнбаев: Акылбек Жапаров министрлер үчүн, Бөлтүрүк үчүн жооп берем дегенден кийин отставкага кетиш керек

29.09.2022 12:03
1166
Түмөнбаев: Акылбек Жапаров министрлер үчүн, Бөлтүрүк үчүн жооп берем дегенден кийин отставкага кетиш керек

Акылбек Жапаров атайын саботаж кылып жатабы? Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Депутаттын айтымында, Акылбек Жапаров  министрлердин аракети үчүн жор бериши керек.


"Биз бир эле президенттин карап отура албайбыз. Мына, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ар бир министр өзүнүн тармагын алып кетет деп министрлерди алып келген. Бүгүнкү күндө эмне болуп жатат? Министрлер акча алып кармалып жатат, министр камалып жатат, иш козголуп жатат. Ошол эле Кумтөрдү башкарат деп алып келген Тенгиз Бөлтүрүк үчүн өзүм жооп берем деген. Ал дагы камалып отурат.

Мындай болгондон кийин Акылбек Жапаров өзү дагы отставкага кетиш керек",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн