Бугу 13, 2024
Убакыт: 16:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Түн тынч өттү. Алымкадыр Бейшеналиев ЖЭБде жабыркагандардын абалын айтты

03.02.2024 09:39
234
Түн тынч өттү. Алымкадыр Бейшеналиев ЖЭБде жабыркагандардын абалын айтты


Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепетинен жабыркагандардын абалы туруктуу. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.


Анын айтымында, түн тынч өттү.


«Кечээ Түркиялык профессор менен онлайн консультация өткөрдүк. Бүгүн эртең менен эки түркиялык адис келет, саат 10.00дөн кийин консультация өткөрүүнү пландап жатабыз. Андан ары дарылоону чечебиз. Алар бул жерде көрүү үчүн канча керек болсо, ошончо болушат. Керек болсо бейтаптарды Түркиянын эң мыкты клиникаларына алып баруу үчүн учак заказ кылууга даярбыз», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.


Эске салсак, кечээ түндө Бишкек ЖЭБинде авария болду. Натыйжада беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылса, экөө амбулатордук дарыланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн