Бугу 02, 2024
Убакыт: 07:47
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Түндө 4 жолу сокку урду. Йемендик хуситтер "Бурдж Халифага" сокку ура турганын жарыялады

24.01.2022 09:03
964
Түндө 4 жолу сокку урду. Йемендик хуситтер "Бурдж Халифага" сокку ура турганын жарыялады

Йемендик хуситтер 24-январга караган түндө Бириккен Араб Эмиратынын борбору Абу-Даби шаарына төрт жолу ракеталык чабуул койгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.


Маалыматка ылайык, ракеталык чабуулдун натыйжасында Абу-Дабидеги айрым объектилерден өрт чыккан.

БАЭ асмандан коргонууну күчөтүп, бир нече ракетаны талкалаган.

Йемендик хуситтер БАЭнин Дубай шаарында жайгашкан эң бийик имарат "Бурж Халифага" сокку ура турганын билдирди. Анда алар ракеталар менен сокку ура турганы белгилүү болгон.


Буга чейин да Йемендик хуситтер Абу-Дабиге ракеталык чабуул коюп, анын натыйжасында 3 адам каза болгон. Ал эми БАЭнин жооп иретинде хуситтерге каршы соккусунан 60тай адам каза болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн