Алматы шаарында түндө куралдуу күчтөр менен демонстранттар ортосунда байма-бай ок атышуу болду. Бул тууралуу казак телеграмм каналдары билдирди.
Маалыматка ылайык, түнү менен көптөгөн дүкөндөр, банктар жана мамлекеттик мекемелер тонолгон.
Алматы шаарынын вице-мэри Ержан Бабакумаровдун айтымында, куралдуу күчтөр атайын операция жүргүзүп, көчөлөрдү демонстранттардан тазалоо аракетине өттү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн