Бугу 17, 2024
Убакыт: 18:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Түндө Бишкек-Ош жолуна көчкү түшүп жол жабылган

11.01.2023 08:53
252
Түндө Бишкек-Ош жолуна көчкү түшүп жол жабылган

10-январда саат 22:45те Бишкек-Ош жолунун 132-чакырымында кар көчкү түшүп, жолду жаап калган. 


Кар көчкүдөн тазалоо иштери жүрүп жатат, жол толугу менен ачылды, көчкүнүн көлөмү 4000 метр кубду түзөт.


Бир унааны көчкү басып калган, жолчулар унаанын ичиндегилерди аман-эсен алып чыгышты.



"Шашылыш муктаждык болбосо ашуу аймактарына барбоону сунуштайбыз. 


Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана айрым жолдордо кар көчкү түшүшү, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү болушу ыктымал.


Жолго чыккан айдоочулар 500 метр аралыкты сакташы керек.


Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга эскертет, эгерде жолго чыгып кеткен болсоңуз, унаа жолдорунун ашуу тилкелеринен өтүүдө кар чынжырчаларын алып жүрүүнү, жолдун каршы тилкесине ​​чыкпоону сунуштайт. Кар жааган учурда жолдорду кардан тазалоочу атайын техниканын жумушуна тоскоол болбооңуздарды өтүнөбүз",- деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн