Теке 05, 2024
Убакыт: 19:10
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Түндө Бишкектеги кампадан ири өрт чыкты

Түндө Бишкектеги кампадан ири өрт чыкты



9-июнга караган түнү Бишкектин Матросов 1 А дарегинде жайгашкан кампада ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө түнкү саат 1:19да ӨКМден жалпы 10 күжүрмөн эсеп, 1 Штаб жана Бишкек шаардык куткаруу кызматы тартылды. Мындан сырткары өрттү өчүрүүгө Суу чарбасынан 1 унаа тартылды.


Алдын ала маалымат боюнча ламинат курулуш материалы сакталган бир нече капма өрттөнүүдө.


Бактыга жараша ири өрт кырсыгы адам өмүрүнө каркунуч жараткан эмес.


Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн