Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 14:27
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу качан ишке берилери айтылды

25.10.2024 11:38
21
Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу качан ишке берилери айтылды


Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолун 2025-жылы жазда ишке берүү пландалууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев билдирди.


Ал жолдун узундугу 453 чакырым экенин эске салып, Көк-Арт ашуусундагы тоннелден башка бардык иштер бүткөнүн, ал жерде деле иштин 95 пайызы аяктап калганын айтты.


"Тоннелдеги курулуш иштерин ноябрга бүткөрүү пландалууда, бирок кышты эске алып, жолду 2025-жылы жазда ишке берүү пландалууда", — деди ал.


Эске салсак, Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Жол Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад менен өтөт. Жол ишке берилсе өлкөнүн түштүк аймагындагылар Балыкчыга 6 саатта жетип барышат.


Аталган жол жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга оңтойлуу, жол киренин да арзандашы күтүлүүдө. Ошондой эле кендерге жана ГЭСтерге жетүүнү жеңилдетип, туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн