Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 22:30
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Түндүк Корея: Жогорку мансаптуу тыңчы Ким Чен Ын жөнүндө

11.10.2021 19:05
737
Түндүк Корея: Жогорку мансаптуу тыңчы Ким Чен Ын жөнүндө


Ким Кук Соңдун сыр сактаган эски адаты калган эмес.

Андан интервью алуу үчүн бир нече аптага созулган сүйлөшүү жүрдү. Ал кимдир бирөө тыңшап жатабы деп дале тынчсызданат. Ал камеранын алдында кара көз айнек тагып отурат. Командабыздагы эки киши гана анын чыныгы ысымы ким экенин билсек керек.

Ким Кук Соң 30 жылдык эмгек жолунда Түндүк Кореянын күчтүү чалгын кызматынын эң жогорку тепкичине чейин жеткен. “Агенттик Улуу жол башчынын көзү, кулагы жана мээси болгон”, - дейт ал.

Ким Кук Соң алардын сырларын сактаганын, аларды сындагандардын көзүн тазалоо үчүн баш кесерлерди жибергенин айтат. Ал тургай, “болуп көрбөгөндөй” каражат чогултууга көмөк көрсөтүү үчүн маңзат өндүргөн мыйзамсыз лаборатория курганын билдирди.

Азыр эми мурдагы полковник Би-Би-Сиге өзүнүн окуясын айтып берүүнү чечкен. Бул Пхеняндын жогорку мансаптуу аскер кызматкери ири медиа компанияга интервью берип жаткан алгачкы учур.

Ким Кук Соң 30 жылдык эмгек жолунда Түндүк Кореянын күчтүү чалгын кызматынын эң жогорку тепкичине чейин жеткен

Ал өзүн “кызылдардын эң кызылы” болгонун айтат эксклюзивдүү интервьюда. Берилген коммунист кызматчы.

Аман калуу үчүн ал 2014-жылы качып кетүүгө мажбур болгон. Ошондон бери ал Сеулда жашап, Түштүк Кореянын чалгын кызматына иштеп келатат.

Ал Түндүк Кореянын жетекчилигин акчаны кандай гана жолдор менен болбосун табууга бара турганын айтат. Анын сүрөттөшүнчө, өлкө жетекчилери Жакынкы Чыгыш жана Африка аймактарында маңзат жана курал-жарак сатып акча жасайт. Ал Пхеняндын чечим кабыл алуу стратегиясы, бийликтин Түштүк Кореяга кол салуусу жөнүндө бизге айтып берди. Анын билдиришинче, сырдуу өлкөнүн тыңчысы менен кибер тармактар дүйнө жүзүнө колу жетип турат.

Би-Би-Си айтылгандарды өз алдынча ырастай алган жок, бирок биз анын тек-жайын ырастай алдык. Айрым учурларда анын билдирүүлөрүн бекемдеген далилдерди таптык.

Биз Түндүк Кореянын Лондондогу элчилиги менен Нью-Йорктогу өкүлчүлүгүнө байланышып, эч кандай жооп ала алган жокпуз.

“Терроризм боюнча ыкчам топ”

Ким Кук Соңдун Түндүк Кореянын эң жогорку чалгын кызматындагы акыркы жылдары өлкө башчысы Ким Чен Ындын карьерасынын башталышы жөнүндө бир аз маалыматтарды берет. Ким Кук Соңдун сүрөттөшүнчө, жаш жигит өзүн “жоокер” катары көрсөтүү үчүн каалоосу күч эле.

Түндүк Корея Башкы чалгын бюросу (БЧБ) деп аталган жаңы чалгын кызматын 2009-жылы түптөгөн. Ал учурда Ким Чен Ынды инсульт алган атасынын ордуна даярдап жатышкан болчу. Бюронун башчысы Ким Йоң Чхол болгон. Ал Түндүк  Кореянын башчысынын эң ишенген жардамчыларынын бири.

Полковник Ким Кук Соңдун айтымында, 2009-жылы май айында Түштүк Кореяга качып кеткен Түндүк Кореянын мурдагы аткаминеринин көзүн тазалоо үчүн “терроризм боюнча ыкчам топ” түзүү буйругу келип түшкөн.

“Ким Чен Ын үчүн бул улуу жол башчыны (атасын) канааттандыруу аракети болгон”, - дейт Ким Кук Соң.

“Террор тобу Хван Чжан Ёпту жашырын өлтүрүү үчүн түзүлгөн. Аны жеке өзүм башкарып, ишке ашыргам”.

Хван Чжан Ёп бир убактарда өлкөнүн эң күчтүү кызматкерлеринен болгон. Ал Түндүк Кореянын саясатына багыт берген башкы архитектор болуп турган. Анын Түштүк Кореяга 1997-жылы өтө качканы эч качан кечирилген эмес. Анын Сеулда жашашы бийлик үчүн аябай коркунуч жаратып, Кимдердин үй-бүлөсү өч алууну каалашкан.

Бирок саясатчынын көзүн тазалоо аракети ишке ашпай калган. Түндүк Кореянын армиясынын эки майору Сеулдагы кутум үчүн 10 жылга кесилип, дале абакта отурат. Пхенян окуяга тиешеси бар экенин ар дайым танып, саясатчыны өлтүрүүнү Түштүк Корея уюштурганын айтып келет.


Ал эми полковниктин көрсөтмөсү башкача.

“Түндүк Кореяда терроризм — бул саясий курал. Ал Ким Чен Ир менен Ким Чен Ындын эң жогорку кадыр-баркын коргойт. Ал мураскердин улуу жол башчысына берилгендигин көрсөтүү үчүн белек болчу”, - дейт ал.

Дагы башка окуялар бар. Бир жылдан кийин, 2010-жылы, Түштүк Кореянын деңиз флотунун “Чхонан” аттуу кемеси торпеда менен кагышып, чөгүп кеткен. Ал 46 адамдын өмүрүл алган. Пхенян ага тиешеси бар экенин ар дайым четке кагып келген.

Анан ошол эле жылдын ноябрь айында Түндүк Кореянын ондогон артиллерия снаряды Түштүк Кореянын Ёнпхёндо аралына атылган. Эки аскер жана эки жай тургун каза болгон.

Кол салуу боюнча ким буйрук бергенинин үстүнөн көп талаш-тартыштар жүргөн. Ким Кук Соң “Чхонан” же “Ёнпхёндо” операцияларына түздөн-түз кийлигишпегенин, бирок алар БЧБнын кызматкерлери үчүн сыр болбогонун, ал сыймыктануу менен кабыл алынганын билдирди.

Анын айтымында, аталган операциялар жогорудан буйрук келмейин ишке ашмак эмес.

“Түндүк Кореяда ал түгүл бир жол салынса да, ал Улуу жол башчынын түздөн-түз ырастоосу менен болот. “Чхонандын” чөгүп кетиши жана “Ёнпхёндо Аралын” аткылоо анын кол алдындагылар ишке ашыра ала турган нерсе эмес. Бул Ким Чен Ындын атайын буйругу менен жасалып, ишке ашырылган аскердик иш. Ал жетишкендик”.

“Көк үйдөгү тыңчы”

Полковник Ким Кук Соң Түндүк Кореядагы жоопкерчиликтеринин бири Түштүк Корея менен иш алып баруу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу болгонун айтат. Максат “саясий баш ийдирүү” эле.

Ал үчүн “жер тыңшар Маамыт” менен “көрөгөч Маамыттар” керек болчу.

“Көп учурларда мен тыңчыларды Түштүк Кореяга багыттап, алар аркылуу операцияларды ишке ашыргам. Көптөгөн учурлар бар”, - дейт ал.

Ал чечмелеп берген жок, бирок бүйүр кызыткан бир мисалга токтолду.

“Бир жолу Түндүк Кореянын агенти жиберилип, Түштүк Кореянын президенттик администрациясында иштеп, эч нерсе болбой кайра Түндүк Кореяга кайтып келген. Бул 1990-жылдардын башында болгон. Көк үйдө (Түштүк Кореянын президенттик администрациясы) 5-6 жыл иштегенден кийин ал аман-эсен кайтып келип, Эмгекчилердин партиясынын 314-бөлүмүндө иштеди. Түндүк Кореянын тыңчылары Түштүк Кореядагы ар кандай жарандык коом уюмдарында жана маанилүү институттарда активдүү иштеп жатышканын силерге айта алам”.

Би-Би-Си бул билдирүүнү эч кандай жол менен ырастай албайт.

Түштүк Кореяда камакка алынган бир нече түндүк кореялык тыңчылар менен жолукканын белгилейт “NK News” сайтынын негиздөөчүсү Чад О’Кэрролл өзүнүн жакында чыккан макаласында. “Түштүк Кореянын түрмөлөрү бир убактарда ар түрдүү чалгын иштерине байланыштуу ондогон түндүк кореялык тыңчыларга толуп кеткен эле”.

Көптөгөн окуялар кайра кайталанып, жок эле дегенде бир жолкусунда Түндүктөн бир тыңчы түз эле жиберилген. Бирок “NK News” сайтынын маалыматына ылайык, 2017-жылдан бери Түштүк Кореяда тыңчылыкка шектелип камалгандардын саны өтө аз. Бул Түндүктүн чалгындоо үчүн эски ыкма менен эмес, жаңы технологияларга басым жасаганы менен байланыштуу.

Түндүк Корея дүйнөдөгү эң кедей жана эң обочолонгон өлкөлөрдүн бири болушу ыктымал, бирок мурда дагы жогорку мансаптуу тыңчылар эскерткендей, Пхенян 6000 тажрыйбалуу хакердин армиясын түзүп койгон.

Ким Кук Соңдун маалыматы боюнча, Түндүк Кореянын мурдагы башчысы Ким Чен Ир жаңы кызматкерлерди “кибер согушка даярдоо үчүн” 1980-жылдары эле окутууга буйрук берген.

“Моранбоң университети өлкөнүн ар тарабынан эң зээндүү студенттерди тандап алып, алты жылдык атайын билим берүү программасы менен окутуп турган”, - дейт ал.

Британиянын коопсуздук кызматкерлери Түндүк Кореянын “Лазарус тобу” (Lazarus Group) деп аталган бөлүмү 2017-жылы Британиянын Улуттук саламаттык сактоо кызматынын жана дүйнөдөгү башка уюмдардын ишин үзгүлтүккө учураткан кибер чабуулдун артында турат деп ишенет. Ошол эле топ 2014-жылы Sony Pictures компаниясын хакердик бутага алганы айтылып жүрөт.

Полковниктин айтымында, бул бөлүм 414 Байланыш кызматы деп аталат.

“Ич ара биз аны Ким Чен Ирдин маалыматтык борбору деп атап койчубуз”.

Анын билдиришинче, аталган бөлүмдө Түндүк Кореянын лидерине чыккан түз телефон байланышы болгон.

“Адамдар бул тыңчылар Кытайда, Орусияда жана Түштүк Азиядагы өлкөлөрдө деп айтышат, бирок алар Түндүк Кореянын өзүндө дагы иштешет. Бул кызмат Түндүк Кореянын тыңчыларынын ортосундагы байланышты дагы камсыздап турат”.

Доллар үчүн баңгизат

Ким Чен Ын жакында эле өлкө кайрадан “кризиске” туш болуп жатканын жар салып, апрель айында өз элин “оор жүрүшкө” даяр турууга чакырды. “Оор жүрүш” сөзү 1990-жылдары Ким Чен Ирдин тушундагы кыйратуучу ачарчылыкты сүрөттөө үчүн колдонулуп келет.

Ошол учурда полковник Операциялар бөлүмүндө иштеп жүргөн. Улуу жол башчы үчүн “революциялык каражат” топтоо боюнча ага буйрук келип түшкөн эле. Анын айтымында, бул мыйзамсыз маңзат менен иштөөнү билдирген.

“Ким Чен Ирдин тушунда Түндүк Кореядагы маңзат өндүрүшү оор жүрүш учурунда туу чокусуна жеткен. Ошол убакта Операциялар бөлүмүндө Улуу жол башчы үчүн революциялык каражат түгөнүп калат”, - дейт ал.

Бул милдетти аткаруу тапшырмасы берилгенден кийин мен үч чет элдикти Түндүк Кореяга алып келип, Эмгекчилер партиясына таандык 715 байланыш кызматындагы окутуу борборунда өндүрүш базасын куруп, баңгизат өндүрдүм. Ал МУЗ (кристалл метамфетамин) болчу. Кийин биз аны долларларга сатып, Ким Чен Ирге тартуулачубуз”.

Ошол убактарда анын баңгизат менен иштегени чындыкка жакын. Түндүк Кореянын маңзат өндүрүү боюнча терең өтмүшү бар. Көбүнесе героин менен апийим өндүрөт. Түндүк Кореянын Британиядагы мурдагы дипломаты Тхэ Ён Хо дагы качып кеткен эле. Ал 2019-жылы Ослодогу Эркиндик форумунда сүйлөп, өлкөдө мамлекет баңгизат ташууга демөөрчү болгонун жана өлкө ичиндеги баңгизат колдонгондордун көбөйүшүн чечүүгө аракет кылганын айткан. 

Ким Кук Соңдон маңзаттан түшкөн акча кайда кеткенин сурадым. Ал адамдар үчүн накталай ачкага айлантылганбы?

“Сага түшүнүүгө оңой болушу үчүн, Түндүк Кореядагы акчанын баары Түндүк Кореянын лидерине таандык. Ал акчага ал виллаларды куруп, машиналарды сатып алат, азык-түлүк сатып алат, кийимдерди алат жана шаан-шөкөт менен жашайт”.

Түндүк Кореядагы 1990-жылдардагы ачарчылыктан каза болгондордун саны жүз миңден бир миллионго чейин жетет.

Полковниктин маалыматы боюнча, кирешенин дагы бир булагы Иранга мыйзамсыз курал-жарак сатуудан келип түшөт. Аны Операциялык бөлүм ишке ашырат.

Түндүк Корея боюнча дүйнөдөгү абройлуу адистердин бири Андрей Ланковдун айтымында, Түндүк Кореянын Иран менен курал-жарак келишими 1980-жылдардан бери баары эле билген ачык сыр болчу.

Эл аралык катуу санкцияларга туш болгонуна карабастан, Түндүк Корея массалык түрдө кыйратуучу курал-жарактарды иштеп чыгууну улантып келген. Сентябрда өлкө төрт жаңы курал-жарак системасын сыноодон өткөрдү. Алар: алыска учкан канаттуу ракета, баллистикалык ракетаны ишке киргизген система, гиперсоникалык ракета жана зениттик ракета.

Технология мурдагыга караганда татаалдаша баштады.

Ким Кук Соңдун билдиришинче, Пхенян курал-жарактар менен технологияларды дагы көптөн бери жарандык согуш жүрүп жаткан өлкөлөргө саткан. Соңку жылдары Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Түндүк Кореяны Сирияга, Мянмага, Ливияга жана Суданга курал-жарак жеткирүү боюнча айыптаган.

БУУ эскерткендей, Пхенянда жасалган курал-жарактар дүйнөнүн көптөгөн көйгөйлүү бөлүктөрүнө чейин жетүүдө.

Булак: Би-Би-Си

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн