Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин жарлыгы менен "Жеңиштин 75 жылдыгы" медалы менен сыйланды.
Сыйлык согуштан курман болгондордун атын түбөлүккө калтыруудагы салымы үчүн
берилгени айтылат.
36 жаштагы Ким Чен Ын сыйлыкты "согуштан курман болгондордун атын түбөлүккө калтыруудагы жана КЭДР аймагындагы советтик жарандардын сөөктөрүнүн калдыктарын көмүүдөгү салымы үчүн" берилгени айтылат. 5-май күнү орус элчиси Александр Мацегор медалды салтанаттуу түрдө КЭДР тышкы иштер министри Ли Сон Гвондун колуна бергени кабарланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн