Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Түндүк Кореяда коронавирустун алгачкы учуру катталып, бир шаары карантинге алынды

27.07.2020 10:23
1169
Түндүк Кореяда коронавирустун алгачкы учуру катталып, бир шаары карантинге алынды

 

 

Түндүк Кореяда коронавирус инфекциясынын алгачкы учур катталганын мамлекеттик KCNA агенттиги билдирген. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Билдирүүгө караганда, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын “Өлкөгө ырайымсыз вирус келди” деп айткан.


Маалыматка ылайык, ооруну мындан үч жыл мурун Түштүк Кореяга чыгып кетип, кайра өткөн аптада мекенине кайткан жаран алып келди деп шектенүүдө. Ким Чен Ын буга байланыштуу чукул жыйын өткөрүп, чек арадагы Кэсон шаары карантинге алуу буйругун чыгарган.


Ошондой эле ал жаран катуу кайтарылган чек арадан кантип өтүп келгенин текшерүүнү, буга жол бергендерди жоопко тартууну тапшырганы да айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн