Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Түндүк Кореядагы жарылууда ондогон адамдардын каза болгону айтылууда

07.08.2020 10:14
1118
Түндүк Кореядагы жарылууда ондогон адамдардын каза болгону айтылууда


Түштүк кореялык журналисттердин маалыматы боюнча, Түндүк Кореядагы Хайсан шаарында газ баллон жарылган. Бул тууралуу “Лига Новости” интернет парталы жазып чыкты.


Түндүк Кореядагы жарылуу боюнча тартылган видео Кытайдын аймагында Интернет булактарында пайда болду. Associated Press агенттиги бул видео жаздыруу чек арага жакын шаарда иштеген кытай туристтик агенттигинен алынганын жазып чыкты. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча так аныктала элек.


Ошондой эле Кытай дагы, Түндүк Корея дагы жарылуу тууралуу расмий комментарий бере элек. Бирок Түштүк кореялык ЖМК өкүлдөрү жана тышкы мониторинг топтору маалымдагандай, газдын жарылуусунун натыйжасында Кытай менен Түндүк Кореянын чектеш аймагындагы Хайсан шаарында ондогон адамдар өлүп жана жарадар болушкан.


Бул маалыматты тактоого азырынча мүмкүндүк боло элек, деп кошумчаланат маалыматта.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн