Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы көпүрөнүн темирлери уурдалган

10.02.2022 14:20
589
Түндүк-Түштүк  альтернативдик жолундагы көпүрөнүн темирлери уурдалган

“CHINA ROAD” жол куруу ишканасынын ишенимдүү өкүлү 1977-жылы туулган А.К. жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылып, бул ишкана 2021-жылдын 10-ноябрдан 12-ноябрь күндөрдүн аралыгында “Жалал-Абад-Балыкчы” жолун куруп жаткан учурда, Балыкчы-Жалал-Абад унаа жолунун 364-чакырымында, тактап айтканда Сузак районунун Курманбек а/а Калмак-Кырчын айылынан өткөн жолдо курулган көпүрөнүн темирлерин белгисиз адамдар тарабынан уурдап кеткендигин билдирген. Натыйжада, “CHINA ROAD” жол куруу ишканасы 200 000 (эки жүз) миң зыян тарткан.  Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Аталган факт 2022-жылдын 18-январь күнү Сузак РИИБнин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-бер. 2-бөлүмүнүн (уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.


Тергөө иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун Курманбек а/а Калмак-Кырчын айылынан өткөн “Жалал-Абад-Казарман” унаа жолунун 364-чакырымында автоунаа өтүүчү көпүрө курулуп, аталган көпүрө Калмак-Кырчын айылынан 2 чакырым алыстыкта калктуу конуш жок жерде жайгашкандыгы, ошондой эле, аталган көпүрөнүн каптал тарабындагы узуну 2,80 метр, туурасы 30 см. болгон темирлери жок тургандыгы боюнча кароо жүргүзүлүп, аталган айылдын тургундары суралып, тергөө иштери жүрүп жатат.


Аталган факт боюнча кылмыш ишинин бетин ачуу максатында тергөө тапшырмалары берилип, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн