Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 10:20
USD
84.60
85.10
EUR
92.60
93.60
RUB
0.880
0.925

Түндүк-Түштүк унаа жолу стратегиялык мааниге ээ жана биз аны аягына чыгабыз, - С.Жапаров

26.04.2021 22:01
1841
Түндүк-Түштүк унаа жолу стратегиялык мааниге ээ жана биз аны аягына чыгабыз, - С.Жапаров


"Түндүк-Түштүк унаа жолу стратегиялык мааниге ээ жана биз аны аягына чыгарабыз", - деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде АКИpress агенттигине берген маегинде.


- Кыргызстанда ири инфраструктуралык долбоорлор көп эмес. Түндүк-Түштүк унаа жолу курулуп бүтөбү? Курулуш иштери жүрүп жатабы, аягына чыгабы? Каржылоо маселелери кандай чечилип жатат?


- Пландар бар. Биринчиден, канча акча түшкөндүгүн, иштин канча пайызы бүткөнүн текшерип көрөлү деп жатабыз. Ошондо гана биз айта алабыз, азыр бир нерсе айтуу кыйын.


Бирок биз курулушту сөзсүз бүтүрөбүз. Себеби бул түндүк менен түштүктү бириктирген эң кыска жол. Мисалы, Бишкек-Ош жолу 10 саатка созулса, альтернативдик жол менен Балыкчыга 4 саатта жетсе болот. Ошондуктан, бул жолдун стратегиялык мааниси бар, биз аны бүтүрөбүз. Быйыл болбосо, кийинки жылы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн