Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:29
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түндүк-Түштүк жолун салып жаткан ишкана менен келишим токтотулду

05.01.2021 11:50
533
Түндүк-Түштүк жолун салып жаткан ишкана менен келишим токтотулду


Өкмөт Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун куруп жаткан италиялык «Todini Costruzioni Generali Company» менен келишимди бир тараптуу токтотту. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысы өкмөттөгү булактарына таянуу менен маалымат таратты. 


Аталган жолдун Жумгал районундагы тилкесин куруп жаткан бул компания менен келишим 2020-жылдын 1-декабрында токтогон. Транспорт жана жол министрлигинин  өкүлү Султан Сарбагышев  келишим Азия өнүктүрүү банкынын макулдугунун негизинде токтотулганын айткан.


2018-жылы транспорт министринин ошол кездеги орун басарына коррупциялык схемага аралашкан деп иш козголгон. Ага карата Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соту чечим чыгарды. Чечимге карата апелляциялык даттануунун мөөнөтү 2020-жылдын ноябрь айында аяктады. Азия өнүктүрүү банкынын процедуралык иштерине ылайык, бул иште биз келишимди бир тараптуу жокко чыгардык”, - дейт ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн