Баш оона 22, 2025
Убакыт: 16:53
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун курулушу качан аяктай турганы айтылды

25.08.2022 13:37
628
Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун курулушу качан аяктай турганы айтылды

"Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу 2024-жылы бүтөт. Бул тууралуу брифингде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун жолчу-инженери Куштарбек аманов билдирди.


Анын айтымында, "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулуш долбоору 3 фазага бөлүнгөн. Биринчи, Кызыл-Жылдыз – Арал тилкесинде иштер 2018-жылы бүткөн, жол пайдаланууга берилген, Казарман – Жалал-Абад тилкесинде 3 миң 283,5 метр узундукта тоннель куруу иштерин бүтүрүү калды. Жалпы узундуктун 3 миң 890 метринде иштер бүтүу, 606,5 метри калды. Ошентип, иштер 2023-жылдын ноябрында толук бүткөрүлөт.


Экинчи этапта Арал – Казарман тилкеси бүткөрүлүп, азыр кемчиликтер оңдолуп жатат. Аяктоо мөөнөтү быйылкыга белгиленген.


"Үчүнчү фаза боюнча долбоор 2024-жылы толук бүтөт. Долбоордун жалпы наркы 860 млн долларга бааланган, азыркы учурда 600 млн доллары сарпталды", - деди инженер.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн