Түндүк Корея менен Түштүк Корея байланыш каналдарын калыбына келтирди. Бул тууралуу Ренхап агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Эске салсак, эки өлкөнүн ортосунда мамиле 2020-жылдын жай айларында курчуган. Буга Түштүк Кореянын активисттеринин коңшу өлкөгө үгүт баракчаларын жөнөткөнү себеп болгон. Ошол учурда Түндүк Кореянын бийлиги Сеул менен байланышын таптакыр үзгөнүн жар салган.
Ал эми 2021-жылдын июль айында тараптар кепке келип, байланыш каналдарын кайрадан ишке киргизүү боюнча макулдашуу болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн