Бугу 17, 2024
Убакыт: 00:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Түндүк—Түштүк жолун куруп жаткан кытайлык жумушчуну издөө иштери улантылат

24.07.2020 09:42
679
Түндүк—Түштүк жолун куруп жаткан кытайлык жумушчуну издөө иштери улантылат


Тогуз-Торо районунда Түндүк—Түштүк альтернативдик жолун куруп жаткан кытайлык жумушчу 6-июлдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда 6-июль күнү саат 14:00 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жаткан Чайна-Роуд компаниясынын жумушчусу кытай улутундагы эркек адам (1979-жылы туулган) дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 10-июль күнү КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнө түшкөн.


22-июль күнү издөөгө 6 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган.


24-июль күнү издөө иш-чаралары улантылат.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн