Чын курандын 16, 2025
Убакыт: 17:38
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.045
1.090

Түп райондук сотунун бөлүм башчысы 85 миң сом параны кайтарып берүү учурунда кармалды

16.04.2025 12:03
22
Түп райондук сотунун бөлүм башчысы 85 миң сом параны кайтарып берүү учурунда кармалды


Түп райондук сотунун бөлүм башчысы пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кармалган Түп райондук сотунун бөлүм башчысы А.Э.А. К.Б. аттуу жарандан соттун өкүмүн өзгөртүү жөнүндө маселени оң чечкендиги үчүн ага 85 миң сом өлчөмүндө акча каражатын берүүгө мажбурлаган. Бирок, бул өкүм Жогорку сот тарабынан кассациялык тартипте каралып, өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган.


Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. 2025-жылдын 11-апрелинде мурда алынган параны кайтарып берүү учурунда А.Э.А. кармалып, соттун санкциясына ылайык Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.


Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн