Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түптө 15 млн сомго таза суу чыгарылды

29.10.2021 16:52
833
Түптө 15 млн сомго таза суу чыгарылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Каркыра айылынын таза суу курулмаларынын курулуш иштери бүткѳрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, Каркыра айылынын ичүүчү суу түтүктөрүнүн курулушу 2021-жылдын март айында республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинин каржылоосу менен башталган. Анын тендердик баасы 15,1 млн сомду түзгөн.


Бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен 50 куб метр болгон 2 резервуар, суу топтоочу жайы (каптаж) темир тосмосу менен 1,68 чакырым аралыкта биринчи башкы суу түтүгү, 2,91 чакырым аралыкта экинчи башкы суу түтүгү, 3,9 чакырым ички суу түтүтүктөрү полиэтилен трубасы, 2 от өчүрүүчү гидрант, 38 кудук орнотулду.


Белгилей кетсек, суу курулмалары ар бир үйгө чейин тартылып берилди. Мындан ары техникалык жактан тейлөөсү жаңы түзүлгөн муниципалдык ишканага жана айыл башчысына айыл өкмөт тарабынан жүктөлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн