Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түптө 90дон ашык үйдү жана ички жолдорду сел каптады

08.08.2023 13:33
469
Түптө 90дон ашык үйдү жана ички жолдорду сел каптады


Түптө 90дон ашык үйдү сел каптады. Айылдын эки районунда өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, Талды-Суу, Корумду жана Коочу айылдарында катуу жааган жамгырдан кийин сел жүргөн. Баткак массасы 92 үйдү, короолорду, ички жолдорду жана айыл чарба талааларын каптаган.


Окуя болгон жерге 103 куткаруучу жана техникалар тартылган.


Эске салсак, 3-августтан тарта Түп районунун Кең-Суу жана Байзак айылдарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн