Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:11
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Түптө мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен 20 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

11.03.2022 15:59
945
Түптө мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен 20 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Түп районунунда 20 млн. 575 миӊ сомду түзгөн айдоо жер аянттары мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Ысык-Көл областынын Түп райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен жана мыйзамсыз ээлеп алып пайдаланып келишкен жер аянттарын – айыл чарба жерлерин мамлекетке кайтаруу иш аракеттери жүргүзүлүүдө.


 Текшерүүдө, райондук мамлекеттик администрациясынын токтому менен 4 дыйкан чарбасына жалпы 61,4 га айдоо жер аянттары мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.


 Айдоо аянттарын мамлекетке кайтаруу үчүн райондук прокуратура сотко доо арыздар менен кайрылып, кароонун жыйынтыгы менен алар толук менен канааттандырылган. Натыйжада, баасы 20 млн. 575 миӊ сомду түзгөн 61.4 га жер аянты мамлекетке кайтарылды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Эрнисбек Кошбаев
Ишиниздерде ийгилик болсун!