Ысык-Көл облусунун Түп райондук администрациясынын жамааты COVID-19 инфекциясы күч алгандыгына байланыштуу андан жеңил чыгып кетели деген тилекте мал союп, түлөө өткөрүштү. Бул тууралуу райондук администрациянын кызматкерлери билдиришти.
Маалыматка караганда, түлөөгө аким Элчибек Жантаев баштаган акимиаттын кызматкерлери катышты.
Союлган малдын эти учурда илдеттен ооруканада дарыланып жаткан бейтаптарга жана оору менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге бөлүштүрүлүп берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн