Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түптө жүргүнчү ташыган унаа даракты сүзүп, бир аял каза болду

Түптө жүргүнчү ташыган унаа даракты сүзүп, бир аял каза болду

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Курменты айылында жүргүнчү ташыган кичи автобус бакты сүзүп, бир адам каза тапты.Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.


Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 24-январда саат 15:20лар чамасында Балыкчы-Каракол жолунун 181-чакырымында болгон. А.Д. аттуу айдоочу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Кырсыктан 1967-жылкы Д.Ж.Р. аттуу аял киши каза тапты. Ошондой эле 9 адам жабыркады.


Маалым болгондой, аталган унаа Чолпон-Ата - Каракол багыты боюнча жүргүнчү ташыган кичи автобус болгон. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн