Бугу 07, 2024
Убакыт: 09:21
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Түптүн Арал айыл өкмөт башчысын шайлоого бир да депутат келбей коюп, шайлоо өтпөй калды

02.08.2020 10:55
1800
Түптүн Арал айыл өкмөт башчысын шайлоого бир да депутат келбей коюп, шайлоо өтпөй калды


Үстүбүздөгү жылдын 31-июлуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды, деп билдирди Боршайкомдун басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, Түп районунун акиминин буйругу менен Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Мамытов Бактыбек Орозгелдиевич берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Буга байланыштуу айыл өкмөт башчысы кызмат ордуна эки талапкер – мамлекеттик администрация башчысы – акими тарабынан көрсөтүлгөн Чоркозов Эрлан Акматович жана айылдык кеңештин депутаттар тобунан көрсөтүлгөн Курманов Иманбек Карыбаевич катталган.


30-июнга дайындалган шайлоого Арал айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышты. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколуна ылайык Чоркозов Э.А. 5 добуш, Курманов И. К. 0 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 6 добуш берилген. Талапкерлерге караганда “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу берилгендигине байланыштуу шайлоо өтпөй калды деп таанылган.


Андан кийин БШКнын 2020-жылдын 17-июлундагы №133 токтому менен Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 31-июлга дайындалган. Айылдык кеңештин депутаттарынын тобунан көрсөтүлгөн бир талапкер – Жигитеков Азамат Курманбекович катталган. Бирок 31-июлда Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу дагы өтпөй калды: 11 депутаттын бары катышкан эмес. 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн