Суусамырдагы Бишкек-Ош жолу казылган боюнча калган. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Турдумамбетов билдирди.
Анын айтымында, Транспорт министрлиги ошол жерде каза болуп жаткан жүргүнчүлөрдүн өлүмүнө жоопкерчиликтүү.
"Транспорт министрлиги Суусамырда жолду казып койгон боюнча карай элек. Ал жерде канча деген айдоочулар, жүргүнчүлөр жол кырсыгына кабылып жатат. Ал жерде каза тапкан адамдардын өлүмүнө жоопкерчиликтүү.
Мен министрдин орун басары менен сүйлөшсөм, каражат жок дейт. Анан 100 пачка кагазга акча таппаган министр эмне кылып отурат?",- деди Турдумамбетов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн