Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 18:06
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.010
1.050

Түрк авиакомпаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору кармалды

22.04.2021 12:53
739
Түрк авиакомпаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору  кармалды

Түркиянын  GATA HAVAYOLLARIVE TAŞIMACILIK A.Ş  авиакомпаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ксения Барабаш-Хашам УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу "Кактус.медиа" кабарлады. 


Маалыматка ылайык, Барабаш УКМКга суракка чакырылган, андан соң кармалган. 


"Бүгүн, 22-апрелде Ксения Барабаштын баш коргоо чарасын аныктоо боюнча соттук отурум өтөт. Ал кыргыз жараны, үй-бүлөсү да Кыргызстанда. Ал эч кайда качпайт. Буга чейин да суракка катардагы жаран катары суралып келген",- деп билдирген анын жакын таанышы.


Өз кезегинде Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги ТИМге кайрылып, аны үй камагына чыгарууга же тергөө менен кызматташуу беренесин колдонууну суранган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн