Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 06:56
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Түрк бийлиги 451 кыргыз жаранына учуп кетүүгө уруксат берди

22.04.2020 22:11
1024
Түрк бийлиги 451 кыргыз жаранына учуп кетүүгө уруксат берди


Түркиядагы 451 кыргыз жаранына Стамбул шаарындагы аэропортко жетип алууга уруксат алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти. 


Маалыматка ылайык, бул 451 адамга Стамбул шаарындагы аэропортко жетип алуу үчүн шаар ичинде жана шаарлар ортосунда жүрүүгө уруксат берилген. Аталган тизмени элчилик 20-апрелде Түркиянын Тышкы иштер министрлиги аркылуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жиберген.  


"Бүгүн тизмелер боюнча Түрк бийлиги тарабынын уруксат алынды. Бирок, шартка байланыштуу жарандар өздөрүн тизмеден таап, жашаган аймагындагы жергиликтүү бийликтерге (Каймакамлык жана Валилик) кайрылып, уруксат алууcун суранабыз.

Дипломаттар учурда ар бир жаран менен байланышууда. Бирок ар кандай шарт менен уча албайм деген мекендештерибиз болсо, кабар берүүңүздөрдү өтүнөбүз, себеби мекениме кайтам деген жарандарыбыз арбын.

Анкара, Конья, Адана, Кастамону, Трабзон, Кайсери, Карабүк, Кыршехир, Невшехир, Бурдур, Афйон, Денизли, Ыспарта, Сакарья шаарларындагы жарандарга уруксаат алуу үчүн кошумча талаптарды жана автоо унааны уюштурууга жардамды Анкарадагы Элчилик, ал эми Анталья, Измир, Бурса, Бодрум, Кыркларели, Маниса шаарларындагы жарандар үчүн Стамбулдагы Башкы консулдук жардам берди. Ушуну менен бирге авто унаанын кызматы үчүн акы төлөнөөрүн белгилейбиз.

Уруксатты алып, кетүүгө даяр болгон жарандарга мүмкүнчүлүктөрү болсо, өздөрүнүн аймактарынан Стамбул шаарынын аэропортуна өз транспорттору менен бара берүүнү сунуштайбыз",- деп айтылат элчиликтин маалыматында. 


Түркиядагы кыргыз жарандары өздөрүнүн тизмеде бар жогун шилтеме аркылуу кирип текшерип алса болот. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн