Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Түрк-грузин жана түрк-иран чек араларындагы кыргыз жүк ташуучуларынын абалы айтылды

06.04.2020 19:53
893
Түрк-грузин жана түрк-иран чек араларындагы кыргыз жүк ташуучуларынын абалы айтылды


Түрк-грузин чек арасындагы кыргызстандык жүк ташуучулар Грузиянын аймагы аркылуу Азербайжанга кеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы Элчилигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 3-апрелде жүк ташуучулар түрк-грузин чек арасынан өтүп, Азербайжанга карай жөнөшкөн. Ал эми түрк-иран чек арасындагы турган 3 жүк ташуучу унаа Ирандын аймагында.


“Түрк-иран чек арасы бир айдан ашык убакыттан бери жүк ташыган унааларга гана эмес, биринчи кезекте жарандарга да жабык. Ирандан же Иранга жүк ташуу темир жол аркылуу гана жүргүзүлүүдө. Биздин жүк ташуучуларга Азербайжан аркылуу Кыргызстанга кетүү сунушталган. Бирок алар сунуштан баш тартышкан. Элчилик түрк тарапка биздин айдоочулар үчүн уруксат берүү тууралуу расмий түрдө өтүнүчүн жиберген. Бирок, чек арадан өтүшсө да, кайтуу кыйынга тураарын жана маселелер болоорун эске алуу керек", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн