Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:38
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

12.01.2024 13:51
684
Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду


Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам 2023-жылдын 6-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна (мындан ары – ТТМУ) мүчө-мамлекеттердин регионалдык сооданы кеңейтүү жана экономикалык ишмердүүлүктү колдоо аркылуу экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ТТМУ өлкөлөрү тарабынан уставдык капиталы 500 миллион АКШ долларды түзгөн Түрк инвестициялык фондун уюштурууну карайт.

Фонд ТТМУ өлкөлөрүндөгү артыкчылыктуу долбоорлорду жеңилдетилген шарттарда каржылоо үчүн ресурстук база болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн