Бугу 16, 2024
Убакыт: 20:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Түрк инвестициялык фондунун кеңсесин Бишкекке жайгаштыруу сунушталды

24.06.2022 16:01
683
Түрк инвестициялык фондунун кеңсесин Бишкекке жайгаштыруу сунушталды


Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жаңыдан түзүлүп жаткан Түрк инвестициялык фондунун штаб-квартирасын Бишкекке жайгаштырууну сунуштады.

Спикер бүгүн Чолпон-Атада өтүп жаткан ТүркПАнын пленардык жыйынында сүйлөдү.

"Түрк инвестициялык фонду биздин экономикалык карым-катнашыбызда так жана майнаптуу курал болуп калат. Ошондой эле эки тараптуу, көп тараптуу долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуу механизми катары негизги ролду ойнойт деп ойлойм. Биздин өлкөдө Түрк мамлекеттеринин эл аралык кеңселеринин жана уюмдарынын жоктугун эске алуу менен бул финансылык мекеменин штаб-квартирасын Бишкек шаарында жайгаштырууга даярбыз", — деди Мамытов.

Ошондой эле ал Борбор Азиянын геосаясий жайгашуусун, жаратылыш ресурстарынын зор байлыгын, экономикалык жана саясий өнүгүүсүн эске алганда Кыргызстандын статусу күндөн-күнгө өсүп жатканын белгиледи. Андыктан түрк өлкөлөрүн экономикалык кызматташтыкты жаңы багытта жүргүзүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн