Бугу 13, 2024
Убакыт: 19:39
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Түрк ишканасы менен таштанды кайра иштетүүчү завод жана стадион куруу маселеси талкууланды

07.09.2021 08:03
1028
Түрк ишканасы менен таштанды кайра иштетүүчү завод жана стадион куруу маселеси талкууланды

Кыргызстандын инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов «Biotrend Energy» түрк компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.


Жолугушуу КР Инвестициялар министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана «Biotrend Energy» түрк компаниясынын ортосундагы ушул жылдын 23-агустунда кол коюлган «Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү заводду долбоорлоо жана куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча үч тараптуу меморандумдун алкагында болду.


Меморандумду ишке ашыруунун алкагында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушун деталдуу изилдөө үчүн жогоруда аталган компаниянын менеджерлери менен техникалык адистеринен турган кеңейтилген делегация Бишкек шаарына келди.


Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушунун деталдуу планы, ошондой эле стадион куруу жана мейманкана бизнесин өнүктүрүү талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн