Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Түрк ишкерди уурдоого шектелип издөөдө жүргөн 23 жаштагы жаран кармалды

31.01.2022 14:56
811
Түрк ишкерди уурдоого шектелип издөөдө жүргөн 23 жаштагы жаран кармалды

 Түркиянын жаранын уурдоого катышкан башка адамдарды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте “С.Д.” аттуу түркиялык ишкерди уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мурда издөөдө жүргөн түрк жаранын уурдоонун уюштуруучуларынын бири, 1998-жылы туулган Махаматкарим уулу Ниязалы аттуу КР жараны кармалды.


Азыркы учурда кылмыш ишинин негизги катышуучусу, 1971-жылы туулган КР жараны Матраимов Болот издөөдөгө алынып, ал укук коргоо органдарынан из жашырып жүрөт. Ошондой эле, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “С.Д.” уурдоого түрк тектүү Кыргыз Республикасынын 1976-жылы туулган жараны Озген Эртугрул Каандын тиешеси бар экени аныкталып, ага издөө жарыяланды.


2022-жылдын 25-январында мурда кармалган «Ж.Б.» карата Кыргыз Республикасынын сот органдары тарабынан баш коргоо чарасы үй камагына алуу түрүнө өзгөртүлдү.


КР УКМК жарандарды издөөдө жүргөн адамдар тууралуу маалымат болсо 031260585, 0312660475, 0312626504 жана «102» номурларына билдирүүнү өтүнөт.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн