Бишкек шаарына түрк компаниялары эко-автобустарды алып келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Руслан Акылбеков АКИпресс агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бардык инвесторлор үчүн конкурска катышуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
"Биз автобус алып келе турган компанияларга алгач линияны көрсөтөбүз. Эгер кааласа, шаарга автобус алып келсе болот.
Түрк компаниясы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында автобустардын келиши күтүлүүдө",- деди вице-мэр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн