Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:43
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Түрк мамлекеттер уюму Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун колдойт

28.02.2023 14:10
239
Түрк мамлекеттер уюму Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун колдойт

Биздин өлкө Азия менен Европаны байланыштырган соода жолдорунда ири жүк ташуучу түйүн болмокчу. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстанга эл аралык жүк ташуулар системасына интеграцияланууга жана географиялык абалын өз кызыкчылыгына пайдаланууга мүмкүндүк берет.


Кыргызстан аркылуу өтө турган темир жолдун салыштырмалуу аз бөлүгү негизги транспорттук түйүндөрдү байланыштырат, бул Түштүк-Чыгыш Азиядан Европага жана Европадан Азияга жүктөрдү ташуу үчүн кыскараак жол ачат. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “Борбор Азиядагы транспорт коридорлору: Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү” форумунда сөз болду.


"Бул каттам орто эсеп менен алганда Түндүк коридоруна салыштырмалуу 2 миң чакырым кыскараак жана темир жол менен жүрүү убактысын 7-8 күнгө кыскарта алат", - деди Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов.


Ошондой эле ал деңиз жолуна салыштырмалуу бул каттам Кытайдан Европага жүктөрдү 3 эсе тез – болгону 15 күндө жеткире аларына басым жасады. "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун аяктоосу аймактын транспорттук мүмкүнчүлүгүн андан ары өнүктүрүүгө шарт түзөт, бул үч өлкөнүн ортосундагы жүктөрдү ташуу үчүн талап кылынган убакытты кыскартуу менен чектелбестен, Кыргызстандын товарларын тышкы рынокко жеткирүүдө атаандаштыкка жөндөмдүү мүмкүнчүлүктөрдү да камсыздайт", - деп баса белгиледи ТМУнун жогорку даражалуу өкүлү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн