Тогуздун айы 09, 2024
Убакыт: 14:30
USD
85.10
85.60
EUR
92.70
93.70
RUB
0.875
0.915

Түрк мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлери биргелешкен декларацияга кол коюшту

09.10.2024 11:14
339
Түрк мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлери биргелешкен декларацияга кол коюшту


Кечээ, 8-октябрда Азербайжандын Шуша шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин IV жыйынынын алкагында биргелешкен декларацияга кол коюлду.

КР Саламаттык министрлигинен билдиришкей, документ саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө, анын ичинде дары-дармектерди, медициналык жабдууларды камсыздоонун бирдиктүү системасын түзүүгө, "Түрк фармакопеясын" жана органдарды трансплантациялоону координациялоо боюнча "TÜRKTRANSPLANT" долбоорун өнүктүрүүгө багытталган.

Тараптар ошондой эле онкология, фармацевтикалык коопсуздук, медициналык туризм жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жаатында кызматташууну бекемдөөнү макулдашты. Биргелешкен долбоорлор медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана катышуучу өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо тутумдарынын глобалдык чакырыктарга туруктуулугун жогорулатууга багытталат.

ТМУга мүчө өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлеринин V кеңешмеси Казакстанда өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн