Бугу 05, 2024
Убакыт: 02:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши инфекциянын жайылышын видеоконференцияда талкуулайт

10.04.2020 12:18
1015
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши инфекциянын жайылышын видеоконференцияда талкуулайт


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Азербайжандын төрагалыгы астында өтө турган кезексиз жыйында коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө түрк тилдүү өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү маселеси талкууланат.

Видеоконференция форматындагы жыйынга Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана ТМККнын башкы катчысы Багдад Амреев катышат.

Ошондой эле дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисустун катышаары күтүлүүдө.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн