Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:49
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Түрк жаранына турмушка чыккан келин кайнатасы тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн

13.10.2021 10:29
1057
Түрк жаранына турмушка чыккан келин кайнатасы тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн

Түркияда түрк жаранына турмушка чыккан кыргыз жараны кайнатасы тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Бул тууралуу түрк басылмалары 12-октябрда жазып чыкты.


Маалым болгондой, каргашалуу окуя Текирдаа аймагында болгон. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматына караганда, 65 жаштагы Фехми өзүнүн уулуна турмушка чыгып, эки баланы тарбиялап жаткан  31 жаштагы кыргыз келини Аят А. менен уруша кеткен.

Окуя болгон күнү келиндин күйөөсү үйдө болгон эмес. Фехми менен Аяттын ортосундагы оозеки жаңжал мушташка айланып, жыйынтыгында түрк жараны кыргыз аялды бычактап өлтүргөн. Келининин сөөгүн жашыруу үчүн аны бөлүктөргө бөлүп салган. Анын бир бөлүгүн таштанды челегине ыргытып, экинчи бөлүгүн унаанын багажына салып койгон.


Фехми аттуу түрк жараны түрк милициясы тарабынан кармалды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн