Бугу 01, 2024
Убакыт: 00:32
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Turkish Airlines Латын Америка өлкөлөрүнө багыт алган жүргүнчүлөр үчүн жаңы эреже киргизди

03.04.2024 17:45
114
Turkish Airlines Латын Америка өлкөлөрүнө багыт алган жүргүнчүлөр үчүн жаңы эреже киргизди


"Түрк аба жолдору" компаниясы (Turkish Airlines) Венесуэла, Мексика, Колумбия, Куба, Панама жана Бразилияга багыт алган жүргүнчүлөр үчүн жаңы учуу талаптарын жарыялады. Бул тууралуу аларга Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен маалымдашты. 

Жаңы эрежелерге ылайык, багажы жана мейманканада алдын ала бронь же кайтуу билети жок жүргүнчүлөр, ошондой эле транзиттик рейси 24 сааттан ашык убакытка созулган жүргүнчүлөрдүн бардык документтери паспорттук-визалык талаптарга жооп бергенине карабастан учакка киргизилбей турганы кабарланган.

Ошентип ар бир өлкөнүн бийлиги белгилеген жалпы протоколдордон тышкары "Түрк аба жолдору" Венесуэла, Мексика, Колумбия, Куба, Панама жана Бразилияга бара турган жүргүнчүлөр үчүн кошумча катаал эрежелерди киргизген.

Алар:

  • жүргүнчү брондолгон билеттин номурун көрсөтүүсү;
  • мейманканадан жүргүнчүнүн атына бөлмө ээленгенин тастыктоочу документи;
  • учуу убактысы менен мейманканадагы бөлмө ээленген убакыттын айырмасы болбошу;
  • Түштүк Америка өлкөлөрүнүн ичиндеги транзиттик каттамдардын ортосу 24 сааттан ашык болбошу;
  • жүргүнчүнүн жүгү болушу (кол жүгүнөн тышкары);
  • сапардын максатын түшүндүргөн документтер - окуу, иш ж.б. толук англис тилине которулуп, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн болушу керек;
  • кредиттик карта жана накталай акчасынын болушу;
  • жүргүнчү багыт алган өлкөгө сапарынын максаты тууралуу так маалымат бериши;
  • учууга уруксаты болушу керек.

Жаңы талаптардын сакталышын текшерүү, рейске кабыл алууда (Кыргызстандын жарандары үчүн Стамбул, Анкара жана Анталиянын транзиттик аэропорттору) жүргүзүлөт. 

Элчиликтин маалыматы боюнча, бир катар өлкөлөргө кирүү үчүн кошумча талаптарды киргизүү Латын Америка өлкөлөрү аркылуу АКШга мыйзамсыз кеткен мигранттар менен күрөшүүгө байланыштуу экенин билдиришкен.

Түрк басылмаларынын маалыматына караганда, буга чейин "Түрк аба жолдору" Аргентинага бараткан Россиянын жарандарын, Мексикага учуп кетүүнү пландаган түрк жарандарын каттамдарынан чыгарып салган учурлар болгон. Ошондой эле, "Түрк аба жолдору" Түркия аркылуу Латын Америкасынын белгилүү багыттарына учкан жүргүнчүлөргө, учууга тыюу салынганы тууралуу кабарларга тийиштүү билдирүү тараткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн