Бугу 03, 2024
Убакыт: 12:18
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Turkish Airlines компаниясы казак жарандарын ташуудан баш тартканбы?

28.04.2020 09:01
898
Turkish Airlines компаниясы казак жарандарын ташуудан баш тартканбы?


Казакстандын Тышкы иштер министрлинин расмий өкүлү А.Смадияров Түркиядагы казакстандык жарандарды алып келүү боюнча өзүнүн пикирин билдирди.


Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Turkish Airlines авиакомпаниясынын учагы менен Түркиянын 160 жараны Нур-Султан жана Алматы шаарларынан чыгарылып кеткен.


Ал эми Казакстандын Анкара шаарындагы Элчилиги ушул эле борт менен казакстандык жарандарды Түркиядан алып кетүү боюнча маселе сунуштаган. Бирок Түркия тарап биздин мекендештерди бул учак менен алып кетүүдөн баш тартты”, - деди А.Смадияров.


Ал кошумчалагандай, Казакстандын Тышкы иштер министрилиги казак жарандарын чет мамлекеттерден өз мекенине кайтаруу боюнча аракеттерди улантып жатат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн