15-февралда Түркиядагы катуу зилзаладан 228 сааттан кийин 13 жаштагы бала аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу түрк басылмалары билдирди.
Маалыматка караганда, уранды астында калган 13 жаштагы Мустафа аттуу бала Хатай провинциясында куткаруучулар тарабынан куткарылган.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата Түркиядагы зилзаланын курмандыктарынын саны 37 миңден ашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн