Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 05:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Түркия 40 өлкө менен аба каттамдарын калыбына келтирет

06.06.2020 18:00
1028
Түркия 40 өлкө менен аба каттамдарын калыбына келтирет



Түркия бийлиги июнь айынын ичинде дүйнөнүн 40 өлкөсү менен аба каттамдарын калыбына келтирүүгө камылга көрүүдө, деп билдирди аталган өлкөнүн транспорт жана инфраструктура министри Адиль Караисмилоглу.



Анын айтымында, өз ара учуулар 15 мамлекет менен макулдашылды.



10-июндан тарта Болгарияга, Грецияга, Бахрейнге, Катарга жана Түндүк Кипрге учактар каттамын баштайт. Ал эми ушул ай ичинде алардын катарына ГФР, Нидерланды, Бельгия, Финляндия, Швейцария, Австрия, Италия, Польша, Румыния, Чехия, Япония, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Белоруссия, Молдавия, Литва, Өзбекстан, Украина жана башка өлкөлөр кошулушу мүмкүн, деди министр.

 

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан эл аралык аба каттамдарды 15-июндан тарта жандандырат. Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевдин билдирүүсү боюнча, дүйнөдөгү төрт ири жүргүнчү ташуучунун бири эсептелген түркиялык Turkish Airlines компаниясы 22-июнда Бишкекке өз учууларын баштайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн